Сөз Кызыл-Кыядагы консерва чыгарган завод тууралуу болууда.
Өлкө башчынын Кадамжай жана Кызыл-Кыянын тургундары менен жолугушуусунда аталган заводдун жетекчиси 1978-жылдан бери өндүрүштү иштетип келгенин, чыгарган товарынын көбү Россиянын Саха Республикасына жөнөтүлүп турганын айтты. Бирок былтыр октябрда завод мамлекетке өтүп, Кызыл-Кыя шаарынын мэриясына берилген. Андан бери жамаат чачырап, өндүрүш токтоп калган.
Садыр Жапаров мамлекет жеке колдорго арзан сатылып кеткен, сатылгандан кийин иштебей тургандарды гана алууну көздөгөнүн белгиледи.
“Бөрк ал десе, баш алган замандай болуп кетиптир. Иштетип аткан заводду тартып алышыптыр. Биз иштебей тургандарды алып, инвестор таап, ошолорго берели дегенбиз да. Бул заводду комиссия түзүп карагыла да кайра өткөрүп бергиле. А сиз болсо токтоосуз иштетиңиз. Бирди эки, экини төрт кылып кетишиңиз керек”, — деген президент.
Садыр Жапаров УКМК мамлекетке алып койгон заводду кайра кайтарып берүү боюнча тапшырма берди


