Баткенде алимент төлөбөгөн эркек киши 2 жылга эркинен ажыратылды

Баткен облусунда 2017-жылдан бери алимент төлөөдөн качып келген эркек киши 2 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу КР Башкы прокуратурасына караштуу Сот аткаруучулар кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Баткен райондук сотунун 2017-жылдын 3-июлундагы чечими менен жаран баласы 18 жашка чыкканга чейин бардык кирешесинин төрттөн бир бөлүгүн алимент катары төлөөгө милдеттендирилген. Бирок сот аткаруучуларынын бир нече ирет эскертүүлөрүнө карабай, ал чечимди аткаруудан системалуу түрдө баш тартып келген.

2025-жылдын 1-сентябрына карата алимент боюнча карыздын суммасы 501 миң сомдон ашкан.

Алгач 2025-жылдын октябрында Баткен райондук соту ага 2 жылдык пробациялык көзөмөл чарасын колдонгон. Бирок жабырлануучу тарап бул чечимге нааразы болуп, апелляциялык арыз берген.

Апелляцияны караган Баткен облустук соту 2-февралда биринчи инстанциянын чечимин жокко чыгарып, алимент төлөбөгөн жаранды 2 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарып, сот залынан камакка алган.

Сот аткаруучулар кызматы алимент төлөөдөн качуу кылмыш жоопкерчилигине алып келерин эскертти.

Судебный департаменттин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 60 миңге жакын алимент иши бар. Алардын ичинен ажырашкан ата-энелердин болгону 2 пайызы гана алиментти үзгүлтүксүз төлөп келет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *