Кырчында 3 миң чүкөдөн илбирстин 3D сүрөтү жасалды
Авторлордун айтымында, эмгекте кыргыз элинин салттары, кол өнөрчүлүгү жана улуттук баалуулуктары чагылдырылган. Илбирс — Кыргызстандын символу жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын тумары.
Авторлордун айтымында, эмгекте кыргыз элинин салттары, кол өнөрчүлүгү жана улуттук баалуулуктары чагылдырылган. Илбирс — Кыргызстандын символу жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын тумары.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчында Кыргызстан менен Казакстандын акындары катышкан эл аралык айтыш өтүп жатат. Биринчи күндүн жыйынтыгында калыстар тобу Мухтар Ниязов, Мейирбек Султанхан, Нурлан Эсенкулов, Хазырет Бердихан, Элмирбек Иманалиев, Акматбек Султан уулу, Кутман Садыбакасов жана Нурсултан Малдыбаевди кийинки баскычка өткөрдү. Айтыштын экинчи күнү бүгүн, 3-сентябрда саат 17:00дө башталат. Финалдык таймаш 4-сентябрда саат 13:00дө…
Белгилүү актёр Сергей Безруков Чыңгыз Айтматов тууралуу тартылып жаткан көркөм тасмага катышууда. Ал Россия мамлекеттик китепканасында тартылган видеону бөлүшүп, режиссёр Каныбек Калматовдун «Айтматов» долбооруна жардам берип жатканын билдирди. Режиссёрдун айтымында, Сергей Безруков анын дебюттук тасмасында роль да жаратат. Каныбек Калматов фильм 22-октябрда прокатка чыгарын белгиледи.
Бишкектеги Ала-Тоо аянтында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын башталышына 100 күн калганын көрсөткөн электрондук такта иштей баштады. Аны ишке киргизүү аземине минкаб төрагасынын орун басары Улан Маматканов, маданият министри Мирбек Мамбеталиев жана Бишкек мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев катышты. Улан Маматканов Көчмөндөр оюндары кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытууда маанилүү экенин белгиледи. Оюндардын салтанаттуу ачылышы Борбор Азиядагы…
Кытайдын Кызыл-Суу кыргыз автоном облусунан атчан сапарга чыккан Риза Дүйшөн кызы менен Гүлсанат Али кызы 24-25-май күндөрү Торугарт аркылуу Кыргызстанга келиши күтүлүүдө. Маалыматка ылайык, алар Нарын аркылуу Ысык-Көлдүн Ак-Өлөңүнө барып, андан соң Чүйгө келишет. Сапар Бишкекте жыйынтыкталат. Кыздар Кыргызстанда болжол менен бир жума болушат. Аларды Маданият министрлиги тосуп алууга даярданып, жергиликтүү тургундар дагы демилге көтөрүп…
Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кыргыз-Ата айыл аймагында 18 аял кишилерден турган топ туризмди өнүктүрүүнү колго алышкан. Алар Кара-Кой жайлоосунда эс алуу зоналарын, боз үй шаарчаларын жана конок үйлөрүн негиздеп, өлкө аймагындагы жана чет элден келген туристтерди коноктошот. Алардын бири Гүлжан Орозали кызы “Ак калпак” эс алуу жайын түптөп, эки жылдан бери ишмердүүлүгүн…
Бул тууралуу президент Садыр Жапаров соцтүйүндөгү баракчасына жазды. Өлкө башчысы көп жыл чыкпай калган адабий журналдын жаңы басылган саны колуна тийгенин айтты. Ошондой эле окурмандарды журналга жазылууга чакырды. «Эми «Ала-Тоо» журналы кыргыз адабиятынын өнүгүшүнө эле салымын кошпостон, агартуучулук багытта да чоң миссияны аркалап, руханий жардылыктан арылтып, жан дүйнөнү байытат, аң-сезимди тазартат. Учурдан пайдаланып бул журналга…
27–31-майда Бишкек шаарында салттуу маданият жана колөнөрчүлүк боюнча «ОЙМО 2026» XX юбилейлик эл аралык фестивалы өтөт. Ага Кыргызстан баардык аймактарынан, Борбор Азия өлкөлөрүнөн жана дүйнөнүн башка мамлекеттеринен 150дөн ашуун кол өнөрчү, дизайнер, сүрөтчү жана креативдүү тармактардын өкүлдөрү катышары күтүлүүдө. Фестивалдын коноктору эл аралык кол өнөрчүлөр жарманкесине, fashion кинокөрсөтүүлөргө катыша алышат. Ошондой эле шырдак, ала кийиз,…
Маданий иш-чара Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында өтүп жатат. Бул жерде бир убакта элдин сүймөнчүлүгүнө айланган «Остров невезения», «Как молоды мы были», «Старый клён» сындуу ырлар жаңырууда. Иш-чараны Бишкектеги «Русский дом» борбору Россиянын Маданият министрлигинин колдоосу менен уюштурган.
Кыргызстанда эндуро жана мототехника менен жайыттарга, ошондой эле өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарына уруксатсыз чыгуу учурлары көбөйдү. Жаратылыш ресурстары министрлиги мындай хобби өлкөнүн уникалдуу экотутумуна зыян келтирбеши керектигин белгиледи. Адистердин айтымында, жолсуз жерлерде жүрүү кыртыштын катмарын бузуп, малдын жайылышына тоскоолдук кылат жана жапайы жаныбарлардын жашоо чөйрөсүнө зыян тийгизет. Тоолордо жана көл жээктеринде мотоциклдердин жүрүшү топурактын эрозиясын…