Бишкекте автобустун айдоочуларына эмгек акы ишинин сапатына жараша төлөнөт

Борбор калаанын мэриясы киргизген жаңы системага ылайык, автобус айдоочусунун эмгек акысынын өлчөмү иштин талаптарынын аткарылышына, жумуш убактысынын нормасынын сакталышына жана иштин сапатына жараша аныкталат.

Тактап айтканда, айдоочунун ишине байланыштуу даттануу келип түшүп, ал тастыкталган учурда эмгек акынын өлчөмү 20 пайызга чейин азайтылышы мүмкүн.

Ошондой эле белгиленген жумуш убактысынын нормасы аткарылбаган учурда төлөмдүн өлчөмүн азайтуу каралган.

Жаңы системаны түшүндүргөн жыйын өтүп, бул борбор калаада жүргүнчүлөрдү ташуунун сапатын жакшыртууга багытталганы айтылды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *