Көк бөрү жана жер улак боюнча финалдык беттештерге билеттер сатылып бүттү

Көчмөндөр оюндарынын алкагындагы көк бөрү жана жер улак боюнча финалдык беттештерге билеттер калбай калганын уюштуруучулар билдиришти. Финалдык оюнга 7000 билет 1000 сомдон сатылганы белгилүү болду. Учурда жер улак боюнча 6-сентябрга пландалган финалда Кыргызстан менен Казакстандын командалары алтын байге үчүн күч сынашары белгилүү болуп калды. Ал эми көк бөрү боюнча финалчылар алдыдагы оюндардын жыйынтыгында аныкталат.

Кененирээк

Өлкө ичинде эле жарактуу болгон убактылуу айдоочулук күбөлүк берүү сунушталды

Президенттин иш башкармалыгы мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Ага ылайык, автомектептер реестрге киргизилип, иши мамлекет тарабынан көзөмөлдөнөт. Мурда автомектептер лицензия менен иш алып барчу. Бирок быйыл алардын лицензиялары убактылуу токтотулуп, айдоочуларды даярдоо мамлекеттик окуу жайларына өткөрүлгөн. Долбоордо Кыргызстанда гана жарактуу убактылуу айдоочулук күбөлүк киргизүү да каралган. Аны берүү тартибин минкаб аныкташы керек болот. Мындан тышкары,…

Кененирээк

Министрлер кабинети Кыргызстандагы күйүүчү майдын запастарын жана берилишин өзгөчө көзөмөлгө алды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбековдун жетекчилиги астында «Ынтымак Ордо» резиденциясында энергетиктер жана мунай трейдерлери менен жыйын өттү. Жолугушуунун негизги темасы калкты күйүүчү май менен камсыздоонун жеткиликтүүлүгү жана өлкөнүн стратегиялык объекттерин камсыздоодогу мүчүлүштүктөрдү алдын алуу болду. Катышуучулар мунай продуктуларын импорттоонун логистикасын талдап, учурдагы мезгилди туруктуу өткөрүү үчүн базаларда КММнын керектүү көлөмү бар экенин тастыкташты….

Кененирээк

ДКО: тамактануу жайларынын тазалыгы жана санитардык коопсуздугу көзөмөлдөнүүдө

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү мезгилинде оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органдары Оюндардын катышуучуларынын жана конокторунун санитардык-эпидемиологиялык коопсуздугун камсыз кылууга багытталган профилактикалык жана көзөмөлдөө иш-чараларынын комплексин жүргүзүүдө. Даярдык иштери Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары башталганга чейин алдын ала жүргүзүлө баштаган. Адистер жайгаштыруу жана тамактануу объектилерин текшерип, алардын санитардык-техникалык абалына, тамак-аш даярдоочу жайлардын даярдыгына,…

Кененирээк