Өлкөдөгү эң мыкты мугалимге батир берилет

Агартуу министрлиги “Жылдын мыкты мугалими” сынагын өткөрүп жатат. Ага 133 окутуучу катышууда. Мугалимдер “Педагогикалык кырдаалдар”, “Мастер-класс”, “Сабак” сыяктуу турлардан өтүшү зарыл. Мыкты деп табылган педагогго батир берилет. Калган номинациялардын жеңүүчүлөрү президенттин фондунан акчалай сыйлык алышмакчы. Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи 5-октябрда өтөт.

Кененирээк

Көкпар: Кыргызстан менен Казакстан финалда беттешет

Ысык-Көлдө өтүп жаткан VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында жер улак боюнча тайпалык этап аяктады. Мелдешке жети команда катышып, эки тайпага бөлүнгөн. Кыргызстан менен Казакстандын курамалары өз тайпаларында биринчи орунду ээлеп, финалга чыгышты. Чечүүчү беттеш 6-сентябрда Чолпон-Ата шаарында өтөт. Учурдагы чемпион — Казакстандын курама командасы. Алар Астанада өткөн Көчмөндөр оюндарында жер улак боюнча финалдык беттеш Казакстандын пайдасына…

Кененирээк

ЕАЭБде чет өлкөлүк товарлардын киргизилишин көзөмөлдөө механизми ишке кирди

1-сентябрдан тарта Евразия экономикалык биримдигинде ЕАЭБдин бир өлкөсүндө бажыдан өткөрүлүп, кийин башка мүчө мамлекеттерге ташылган чет өлкөлүк товарларды көзөмөлдөө механизми иштей баштады. Биринчи этапта система төмөнкү товарларга тиешелүү: • муздаткычтар жана тоңдургучтар;• кир жуучу машиналар;• телевизорлор. Жаңы тартип товарлар тууралуу маалыматты улуттук системаларга киргизүүнүн бирдиктүү жол-жобосун жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн салык органдары ортосунда маалымат алмашууну карайт….

Кененирээк

V Элдик курултай 18-декабрда Бишкекте өтөт

V Элдик курултайга 700 делегат шайланары пландалууда. Шайлоону уюштуруп,  координациялоочу уюштуруу комитетинин курамы да бекитилди.Курултай жаңы «Ырыс Ордодо» өтүшү күтүлүүдө.Тиешелүү жарлыкка президент 2026-жылдын 3-сентябрында кол койду.

Кененирээк

Кыргызстанга күйүүчү май ташыган кытайлык айдоочуларга убактылуу визасыз режим киргизилди

Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Токтомго ылайык, өлкөгө дизель-бензин ташыган кытайлык айдоочулар Кыргызстанга визасыз кирип, беш күнгө чейин жүрөт алат. Алар беш күн өткөнгө чейин Кыргызстандан кайра чыгып кетиши керек. Болбосо аларга миграциялык мыйзамдарга ылайык чара көрүлөт. Белгилей кетсек, Кыргызстан бензин менен дизелди жана башка күйүүчү майларды адатта Россиядан сатып алып…

Кененирээк

Кыргызстанда чет элдик номурдагы 5,5 миңден ашык унаа легалдаштырылды

Кыргызстанда чет өлкөлүк мамлекеттик номур менен жүргөн унааларды кошумча легалдаштыруу өнөктүгү аяктады. Жыйынтыгында 5 531 унаа легалдаштырылып, мамлекеттик каттоодон өттү. Алардын ичинен 48и оң рулу сол рулга өткөрүлгөн («перекид») унаалар. Легалдаштырылган унаалардын: • 4 870и — кыймылдаткычы 2 000 см³ чейин;• 661и — 2 000 см³дөн жогору. Бардык унааларга Кыргызстанда «10» аймактык коду бар мамлекеттик…

Кененирээк

Бишкектеги жаңы автобекет ушул айда ачылат

Жаңы автобекеттин курулушу 95% аяктады. Ички жасалгалоо иштери бүтүп, учурда асфальт төшөө жана айланасын көрктөндүрүү гана калды. Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев объект ушул айда пайдаланууга берилерин билдирди. 30 миң чарчы метрлик автобекетте соода түйүндөрү, аялдамалар жана унаа токтотуучу жайлар болот.

Кененирээк