Кыргызстан алгачкы спутнигин космоско учурат

Кыргызстандын алгачкы улуттук спутниги тааныштырылды. Аны иштеп чыгууга адистер 2,5 жылдай убакыт жумшап, 20га жакын сыноо жана эксперимент өткөрүшкөн. Спутник космоско чыгарылгандан кийин Жердин бетин сүрөткө тартып, алынган маалыматтарды бир катар тармактарда, анын ичинде айыл чарбасында колдонуу пландалууда. Анын жардамы менен эгин талааларынын жана айыл чарба жерлеринин, жайыттардын абалын көзөмөлдөө, нымдуулуктун жетишсиздигин жана кургакчылыктын белгилерин…

Кененирээк

Кыргызстанда таштанды таштагандарга айып пулду күчөтүү сунушталууда

Кыргызстанда уруксатсыз таштанды төгүү үчүн катуу айып пулдарды киргизүү пландалууда. Уруксатсыз таштанды төгүү: • Жеке адамдарга — 10 миң сом же 20 саатка чейин коомдук иштер;• Юридикалык жактарга — 23 миң сом. Кайрадан мыйзам бузган учурда: • Жарандарга — 20 миң сом же 20–40 саат коомдук иштер;• Юридикалык жактарга — 65 миң сом. Туристтик объект…

Кененирээк

Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине ипотекалык батирлердин ачкычы тапшырылды

Садыр Жапаров күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине миңден ашык ипотекалык батирдин ачкычын тапшырды. Бишкекте курулган “Асман резиденс-1” комплекси 11 блоктон туруп, жалпы 1 050 батири бар. Аймагында 551 орундуу унаа токтотмосу жана балдар үчүн оюн аянтчалары каралган. Ачкыч тапшырып жатып өлкө башчы жыл аягына чейин МИК аркылуу 20 миңден ашык түтүнгө батир берилерин билдирди.   Президенттин айтымында, азыркы учурда…

Кененирээк

Президент үгүт иштерине мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди катыштырууга тыюу салды

 Садыр Жапаров алдыдагы президенттик шайлоону таза өткөрүүгө багытталган жарлыкка кол койду. Анда мугалимдер менен окуучуларды, студенттерди, социалдык камсыздоо органдарынын, медициналык мекемелердин жана башка мамлекеттик, муниципалдык уюмдардын, мекемелердин, ишканалардын кызматкерлерин үгүт иштерине тартууга катуу тыюу салынат. Кыргыз Республикасынын президентин кезектеги шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт.

Кененирээк