Кыргызстандын алгачкы улуттук спутниги тааныштырылды. Аны иштеп чыгууга адистер 2,5 жылдай убакыт жумшап, 20га жакын сыноо жана эксперимент өткөрүшкөн.
Спутник космоско чыгарылгандан кийин Жердин бетин сүрөткө тартып, алынган маалыматтарды бир катар тармактарда, анын ичинде айыл чарбасында колдонуу пландалууда.
Анын жардамы менен эгин талааларынын жана айыл чарба жерлеринин, жайыттардын абалын көзөмөлдөө, нымдуулуктун жетишсиздигин жана кургакчылыктын белгилерин аныктоо, ошондой эле түшүмдүүлүк боюнча алдын ала болжолдоо жүргүзүү мүмкүн болот.
Спутникти 1-октябрда Калифорниядан SpaceX ракетасы аркылуу учуруу пландалууда.


