Өлкө башчы көзөмөл-өткөрмө пунктунун ишмердүүлүгү менен таанышып, чек арадан өтө турган унаалар үчүн эң ыңгайлуу шарттарды түзүү керектигин баса белгиледи. Мындан тышкары, Садыр Жапаров келерки жылдын жаз айларынан тарта жумуш убактысын 24/7 схемасы боюнча көбөйтүүнү сунуштады. Ошону менен катар автоматташтырылган бажы тутумдарынын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу учун бардык зарыл чараларды аткарууну тапшырды.
Ошол эле жерде Президент Садыр Жапаров чек арачылар үчүн реконструкцияланган жатакананын имараты менен таанышты.

