«75чилердин каты»: Бишкек шаардык соту чечим чыгарды

Шаардык сот Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесин (бийликти күч менен басып алууга даярдык) 195-берененин 3-бөлүмүнө (шайлоо укуктарын жүзөөгө ашырууга тоскоолдук кылуу) кайра квалификациялады. Бардык айыпталуучулар (8 адам) 4 жылга эркинен ажыратылып, 2 жыл пробация белгиленди. Камчыбек Ташиевдин жактоочусу Икрамидин Айткулов Жогорку сотко кайрыла турганын айтты. Биринчи Май райондук соту 8 шектүүнүн баарын кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу…

Кененирээк

ЕАЭБде чет өлкөлүк товарлардын киргизилишин көзөмөлдөө механизми ишке кирди

1-сентябрдан тарта Евразия экономикалык биримдигинде ЕАЭБдин бир өлкөсүндө бажыдан өткөрүлүп, кийин башка мүчө мамлекеттерге ташылган чет өлкөлүк товарларды көзөмөлдөө механизми иштей баштады. Биринчи этапта система төмөнкү товарларга тиешелүү: • муздаткычтар жана тоңдургучтар;• кир жуучу машиналар;• телевизорлор. Жаңы тартип товарлар тууралуу маалыматты улуттук системаларга киргизүүнүн бирдиктүү жол-жобосун жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн салык органдары ортосунда маалымат алмашууну карайт….

Кененирээк

V Элдик курултай 18-декабрда Бишкекте өтөт

V Элдик курултайга 700 делегат шайланары пландалууда. Шайлоону уюштуруп,  координациялоочу уюштуруу комитетинин курамы да бекитилди.Курултай жаңы «Ырыс Ордодо» өтүшү күтүлүүдө.Тиешелүү жарлыкка президент 2026-жылдын 3-сентябрында кол койду.

Кененирээк

Садыр Жапаров «Росатомдун» директоруна «Достук» орденин тапшырды

Алексей Лихачёв кыргыз-россия кызматташтыгын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн сыйланды. Орден Владимир Путин менен Бишкекте өткөн жолугушуунун соңунда тапшырылды. Салтанаттуу азем Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын башчыларынын расмий сүйлөшүүлөрүнүн алкагында өттү. «Достук» мамлекеттик ордени тогуз жыл мурун негизделген. Бул сыйлык биринчи категорияга кирет жана салтка ылайык, элдердин ортосундагы тынчтыкты жана ынтымакты чыңдоого кошкон…

Кененирээк

Кыргызстан ШКУга төрагалыкты Пакистанга өткөрүп берди

Кыргызстан 2025–2026-жылдардагы ШКУга төрагалыгын жыйынтыктап, уюмга төрагалыкты Пакистанга өткөрүп берди. Бул тууралуу Бишкекте өткөн мамлекет башчыларынын саммитинин жыйынтыгында жарыяланды. Кыргызстандын төрагалыгы «25 жыл ШКУ: туруктуу тынчтыкка, өнүгүүгө жана гүлдөп-өсүүгө бирге» деген ураан алдында өттү. Бишкек саммитинде 25 жылдык Бишкек декларациясы жана дагы 27 документ кабыл алынды. Алар коопсуздук, баңгизатка каршы күрөш, жасалма интеллект, энергетика, транспорт,…

Кененирээк

Эдил Байсалов Дональд Трампка ишеним грамотасын тапшырды

Ак үйдө өткөн аземдин жүрүшүндө элчи кыргыз-америка кызматташтыгын мындан ары да өнүктүрүүгө Кыргызстан кызыкдар экенин билдирди. Өз кезегинде Трамп элчини кызматка киришкени менен куттуктап, эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө даяр экенин белгиледи.

Кененирээк

Адылбек Касымалиев Түркмөнстандын президентти Сердар Бердымухамедов менен жолукту

Жолугушуу минкаб төрагасынын Түркмөнстанга болгон жумуш сапарынын алкагында өттү. Алгач Адылбек Касымалиев түркмөн лидерине Садыр Жапаровдун жылуу саламын жана жакшы каалоолорун жеткирди. Кийин тараптар эки өлкөнүн алакасын жана кызматташтыкты күчөтүүнү талкуулашты.

Кененирээк

Кабмин жер тилкелерин берүү тартибин өзгөртүү маселесин карады

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кезектеги жыйынды өткөрдү. Жыйында айрым чечимдерди Кыргызстандын жаңы редакциядагы Жер кодексине ылайык келтирүү боюнча токтом долбоору каралды. Ага ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык жерлерди берүү, ижарага алуу, пайдалануу жана жер кадастрын жүргүзүү тартиптерине өзгөртүүлөр киргизилет. Бул өзгөртүүлөр улуттук жана инвестициялык долбоорлор үчүн жер тилкелерин берүүнү жеңилдетүүгө багытталган. Ошондой эле жер берүү…

Кененирээк

Биринчи май райондук сотунда Камчыбек Ташиевдин иши каралууда

Буга чейин саясатчынын жактоочусу Ташиев бийликти күч менен басып алууга даярданууга жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга айыпталып жатканын билдирген. Ташиев өзү отурумга келген эмес. Сот жабык болгондуктан журналисттер киргизилген жок. Ташиев менен бирге дагы жети адам айыпталууда. Алардын арасында Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев баштаган саясатчылар бар.

Кененирээк

Президент дүйнө лидерлерине кайрылды

Президент Садыр Жапаров БУУнун Коопсуздук кеңешинин шайлоосу алдында дүйнө лидерлерине кайрылды. Ал 3-июнда Нью-Йоркто өтө турган добуш берүүдө Кыргызстандын талапкерлигин колдоону өтүндү. Жапаров Коопсуздук кеңешинде чакан жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн өкүлчүлүгү адилеттүү болушу керектигин белгиледи. Кыргызстан шайланса, тынчтык, диалог жана коопсуздук боюнча салым кошууга даяр экенин билдирди.

Кененирээк