Кабмин жер тилкелерин берүү тартибин өзгөртүү маселесин карады

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кезектеги жыйынды өткөрдү.

Жыйында айрым чечимдерди Кыргызстандын жаңы редакциядагы Жер кодексине ылайык келтирүү боюнча токтом долбоору каралды.

Ага ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык жерлерди берүү, ижарага алуу, пайдалануу жана жер кадастрын жүргүзүү тартиптерине өзгөртүүлөр киргизилет.

Бул өзгөртүүлөр улуттук жана инвестициялык долбоорлор үчүн жер тилкелерин берүүнү жеңилдетүүгө багытталган.

Ошондой эле жер берүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана кызматтарды электрондук форматка өткөрүү каралууда.

Адылбек Касымалиев бул документ улуттук жана инвестициялык долбоорлор үчүн өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *