Өзгөндө турак үйдө өрт чыгып, төрт бала каза болду

Ош облусунун Өзгөн районунун Мырза-Арык айылында 5-мартка караган түнү турак үйдөн өрт чыгып, төрт бала каза болду.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облустук башкармалыгы кабарлады.

Өрттү өчүрүүгө эки бөлүм тартылып, таңкы саат 3:50дө толугу менен өчүрүлгөн.

Кырсыктын кесепетинен сегиз, алты, беш жана үч жаштагы балдар каза болгон.

Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда. Тиешелүү кызматтар тарабынан териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *