Батумиде Борбор Азия менен Грузиянын кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери талкууланат

22–23-октябрда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Грузияга иш сапары менен барат.

Ал Батуми шаарында Борбор Азия өлкөлөрү менен Грузиянын тышкы иштер министрлеринин жолугушуусуна катышат. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Жолугушууда аймактык жана эл аралык маселелер, саясий жана соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоо мүмкүнчүлүктөрү талкууланат. Ошондой эле өлкөлөр ортосундагы транспорттук жана логистикалык байланыштарды өнүктүрүүгө көңүл бурулат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *