Өлкөнүн алдыдагы 5 жылга карата өнүгүүсүнүн стратегиясы аныкталды

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын алдыдагы 5 жылга карата өнүгүүсүнүн стратегиялык артыкчылыктарын белгиледи. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-октябрда, Бишкек шаарында өткөн республикалык кеңешмеде өлкөнүн алдыдагы беш жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиялык милдеттерин белгиледи. Мамлекеттик органдардын жана мекемелердин жетекчилеринин катышуусунда өткөн иш-чарада мамлекеттик саясаттын 2030-жылдын аягына чейинки негизги артыкчылыктары аныкталды.

Кененирээк

Депутат Кыргызстанда эртерээк атомдук электр станциясын курууга чакырды

Улан Примов өлкөнүн энергетикалык келечеги АЭСке байланыштуу экенин айтып, курулушка даярдыкты азыртан баштоо керектигин белгиледи. Энергетика министри АЭС куруу мезгилдин талабы экенин билдирди. «Биздин максат — ишти азыртан баштоо. Бирок калктын пикирин да эске алышыбыз керек. Ошондуктан учурда түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Эл колдогондон кийин курулушка активдүү даярдана баштайбыз«, — деди Алтынбек Рысбеков. Эске салсак,…

Кененирээк

Жаңы жылдан тарта жөлөк пул жана «Баатыр эне» пенсиясы жогорулайт

Кыргызстанда 1-январдан тарта бир катар социалдык төлөмдөр көбөйөт. Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Майыптыгы бар балдарга бериле турган жөлөкпулдун өлчөмү 8000 сомдон 11 000 сомго (37,5 пайызга), улгайган жарандарга берилүүчү жөлөкпул 50 пайызга көбөйөт. Ошондой эле майыптык боюнча пенсия өлчөмү да жогорулайт. Ата-энесинин экөөнөн тең ажыраган балдарга жөлөкпулдун өлчөмү 6000 сомдон 8000 сомго,…

Кененирээк

Кыргызстан менен Корея абанын сапатын жакшыртуу багытында тажрыйба алмашууда

Жаратылыш министрлиги Корея Эл аралык кызматташтык агенттиги менен биргеликте эки күндүк окуу жана тажрыйба алмашуу семинарын өткөрдү. Долбоор «Кыргызстанда абанын сапатын жакшыртуу» деп аталып, анын алкагында Кореяда колдонулган ыкмалар жана алардын натыйжалары тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле Кореянын алдыңкы тажрыйбаларын Кыргызстанда колдонуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Кененирээк