Кыргызстанда алгачкы жолу 40 бийчиден турган классикалык балет жана заманбап бий элементтерин камтыган заманбап балет группасы түзүлөт. Маданият министрлигинен билдиргендей, 18ден 25 жашка чейинки улан-кыздар кастинг жолу менен кабыл алынат. Кастинге катышууда жарандык чектелбейт.

Кастинг 2024-жылдын 3-4-апрель күндөрү Чолпонбек Базарбаев атындагы Бишкек хореграфиялык окуу жайында өтүп, советтик жана орусиялык хореограф, Алла Духованын төрагалыгы менен жана башка белгилүү хореографтардын катышуусунда өтөт. Жаңы түзүлгөн балет труппасы Токтогул Сатылаганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын штатына кабыл алынып, Кыргызстандагы алгачкы заманбап балет трупасы болот.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *