Бишкек шаарынын 11-кичи районуна, көп функционалдуу турак жай комплексин курууга мезгил кутусу салынды. Иш чарага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жпаров катышты. Борбор калаадан аянты 9,64 гектар болгон жер тилкелеси “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коомуна өткөрүлүп берилген.

Демилге Кыргыз Республикасынын “Менин үйүм 2021-2026” турак жай программасын ишке ашыруу максатын көздөйт. Минкаб башчысы Акылбек Жапаров 2021-жылдан бери Мамлекеттик ипотекалык компанияга бюджеттен 10,7 млрд сом бөлүнгөнүн белгиледи.

Эске салсак, Комплексти куруу долбоорун ишке ашыруу 60 айды түзөт, анын 12 айы долбоордук-сметалык документтерди даярдоого жана аны тиешелүү мамлекеттик органдарда бекитүүгө каралган.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *