Транспорт министрлигине 50дөн ашуун адистештирилген техника берилди

МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев Транспорт жана коммуникациялар министрлигине атайын техникалардын ачкычын тапшырып, жол чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата салтанаттуу иш-чарага катышты. Салтанаттуу аземде Транспорт министрлигине 50дөн ашуун адистештирилген техника берилди.Өкмөт башчы жаңы техникалар жол салуу, оңдоо ишинин сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөөрүн белгиледи.Ошондой эле, иш-чарада министрликтин мыкты кызматкерлерине ардак грамоталар да тапшырылды.

Кененирээк

Садыр Жапаров Түрк дүйнөсүнүн жогорку ордени менен сыйланды

Мындай чечимди Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн башчылары кабыл алды. Сыйлыкты Анкара шаарындагы ТМУнун 13-саммитинде Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган тапшырды. Жапаров бул жеке эмгегинин таанылышы гана эмес, кыргыз элинин түрк дүйнөсүн чыңдоого кошкон салымына берилген жогорку баа экенин айтты.

Кененирээк

Түндүк — Түштүк альтернативдик жолу 1-ноябрдан тартып жабылат

Аталган жол 1-июнда убактылуу ачылып, туристтик мезгилде негизги жолдордогу унаа агымын азайтуу үчүн пайдаланууга берилген. Эки тилкелүү жолдун жалпы узундугу 433 чакырымды түзөт. Транспорт министрлиги анын качан кайра ачыларын тактаган жок.

Кененирээк

Россия, АКШ жана Украинанын үч тараптуу сүйлөшүүлөрү БАЭде 4-ноябрдан кийин өтөт

Бул тууралуу Россия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков билдирди. Анын айтымында, так күндү белгилөөдө майдандагы кырдаал да эске алынат. Азырынча европалык өкүлдөрдүн катышуусу тууралуу сөз боло элек. Ушаков делегациянын негизги курамы түзүлгөнүн, толугу менен жакын арада аныкталарын кошумчалады.

Кененирээк

Бишкек мэриясы коомдук автобустардын айдоочулугуна чет элдиктерди алууну караштырууда

Айбек Жунушалиев «Бишкек шаардык транспорт» ишканасынын жаңы директору Бактияр Болотбековду тааныштырды. Ага чет өлкөлүк айдоочуларды жумушка тартуу шарттарын иликтеп, шаардык кызматтардын кызматкерлеринен айдоочулардын резервин түзүүнү тапшырды. Жыйында айрым айдоочулар 100-140 миң сом айлык алуу үчүн саат 07:00дөн түнкү 00:00гө чейин иштеп жатканы тууралуу маалыматты текшерүү милдети коюлду. Ошондой эле жол эрежесин бузган айдоочулар айып пулду,…

Кененирээк

Садыр Жапаров Түркияга иш сапары менен барат

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 29–30-октябрда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын чакыруусу менен Анкарага иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Мамлекет башчысы Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) 13-саммитине катышат. Анда аймактык жана эл аралык маселелер талкууланат. Жыйынтыгында Анкара декларациясына жана өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган бир катар документтерге кол коюу пландалууда.

Кененирээк

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу материалдардын алгачкы партиялары темир жол аркылуу жеткириле баштады

Бул тууралуу энергетикалык туруктуулукту камсыз кылуу маселелерине арналган кеңешмеде Мунай соодагерлер ассоциациясынын президенти Канатбек Эшатов билдирди. Анын айтымында, буга чейин Кыргызстан күйүүчү-майлоочу материалдарды негизинен Россиядан импорттоп келген. Учурда күйүүчү май Азербайжандан, Түркмөнстандан, Беларустан жана Түркиядан да ташылып келүүдө. Буга чейин Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу материалдар автоунаалар менен жеткириле баштаган. Эми Кытайдан темир жол аркылуу да алгачкы…

Кененирээк

Кыргызстан менен Кытай суу чарба адистерин биргелешип даярдайт

«Кыргызсуудолбоор» ААКсы Кытайдын Түндүк Кытай суу ресурстары жана гидроэнергетика университети менен кызматташуу меморандумуна кол койду. Тараптар тажрыйба алмашуу, адистерди даярдоо жана суу чарбасына заманбап технологияларды киргизүү боюнча макулдашты. 15–24-октябрда Кытайга барган кыргыз делегациясы Нанкин шаарындагы Хохай университетине да барып, лабораториялар жана адистерди даярдоо борборлору менен таанышты. Ошондой эле студенттерди жана «Кыргызсуудолбоордун» кызматкерлерин Кытайда окутуу мүмкүнчүлүктөрү…

Кененирээк

Кыргызстанда тогуз айда жол кырсыгынан 572 адам каза болду

Жыл башынан бери өлкөдө жалпы 3 624 жол кырсыгы катталды. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу эки эсе аз. Жалпы 5 519 адам жаракат алып, 572 адам каза болгон. Алардын ичинде балдар катышкан 1015 жол кырсыгы катталып, 88 бала мерт болуп, 1140 бала жаракат алган. Жол кырсыгы көп катталган аймактардын сап башында Бишкек шаары Чүй…

Кененирээк

Ошто жылуулук берүү маселеси келерки жумада чечилет

Вице-мэр Эрнис Толтоевдин айтымында, тургундар суукка даттанып, электр энергиясын керектөө көбөйгөн. Эреже боюнча, орточо температура беш күн катары менен +8 градус болгондо жылуулук берилет. Азыр Ошто +11–12 градус. Синоптиктердин божомолунда, күн 8–10-ноябрда жободо айтылган чекке чейин сууктайт.

Кененирээк