Бул туралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги маалымдады.
Дыйкандарга механизациялаштырылган кызматтарды өз убагында жана сапаттуу көрсөтүү, ошондой эле лизинг механизмин өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында 2011-жылдан тартып министрликтин демилгеси жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин колдоосу менен «Айыл Банк» жана «Элдик Банк» ачык акционердик коомдору аркылуу 7 лизинг долбоору ишке ашырылган.
Бул долбоорлордун алкагында айылдык товар өндүрүүчүлөргө айыл чарба техникаларынын бардык түрлөрү, ошондой эле кайра иштетүү өнөр жайы үчүн жабдуулар жеңилдетилген шарттарда сунушталууда. Тактап айтканда, техникалар жылдык 6 пайыздык үстөк менен 7 жылдык мөөнөткө лизингге берилет.
Мамлекеттин колдоосу менен ишке ашырылып жаткан лизинг долбоорлорунун алкагында бүгүнкү күнгө чейин жалпы суммасы 27,7 млрд сомду түзгөн 9 725 даана айыл чарба техникасы дыйкандарга лизинг жолу аркылуу берилди. Анын ичинде 2026-жылы 81,4 млн сомго 42 даана техника дыйкандарга өткөрүлүп берилген.

