Сауд өнүктүрүү фонду Кыргызстанга мектептерди куруу үчүн кредит берет

Президент Садыр Жапаров «Мамлекеттик мектептерди куруу (II фаза)» долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялады.

Ал 2025-жылдын 9-октябрында Бишкекте кол коюлуп, мыйзам 2026-жылдын 29-январында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Сауд өнүктүрүү фонду 50 млн доллар өлчөмүндө 25 жылдык жеңилдетилген кредит берет. Анын ичинде 5 жылдык жеңилдетилген мөөнөт каралган, пайыздык ставка — жылына 1,5%. Каражат Бишкек менен Чүйдө 150дөн 1000 орунга ылайык мектептерди курууга багытталат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *