Үйү, унаасы бар деп эле жөлөк пулдан ажыратпоо сунушталды

Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов демилгелеген мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Ага ылайык, эгер үй-бүлөнүн мүлкү киреше алып келбесе жана анын болушу үй-бүлөнүн материалдык жактан жетиштүү камсыз болгонун көрсөтпөсө, мүлктүн бар экендиги жөлөк пул берүүдөн баш тартууга жалгыз себеп катары колдонулбайт. Мында үй-бүлөнүн муктаждыгы анын ар бир мүчөсүнө (киши башына) туура келген жалпы кирешеси жана материалдык…

Кененирээк

Кыргызстандык хирургдар Россияда тромбду операциясыз алууну үйрөнүштү

Улуттук госпиталдын кан тамыр хирургдары Алмаз Кыдырбаев менен Сулайман Осмонов Сургут шаарындагы ооруканада окуудан өтүштү. Дарыгерлер тромбдорду алуу, стент коюу жана кан тамыр ооруларын эндоваскулярдык дарылоонун заманбап ыкмаларын үйрөнүштү. Мындай ыкма хирургиялык жаракатты азайтууга, тез калыбына келүүгө жана бут, колдордун кан менен камсыз болушун калыбына келтирүүгө мүмкүндүк берет.

Кененирээк

Ош шаарында окуучуларды ташыган өзгөчө автобус каттай баштады

Азырынча алыста жашаган балдарды тесттик режимде 2 автобус ташып жатат. Калаа мэри Жанар Акаев жакынкы арада дагы 10 автобус келерин, эгерде алар балдарга жакса, 2 ай сайын дагы кошулуп турарын убадалады. Автобус 28 балага ылайыкташкан, ичинде кондиционери, коопсуздук курлары бар.

Кененирээк

«Кыргызстан аэропортторунун» таза кирешеси 4,2 млрд сом болду

Бүгүн Кыргызстандын жарандык авиациясына 93 жыл толду. Мунун алкагында Минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев «Манас» эл аралык аэропортунда түзүлгөн жаңы шарттар менен таанышып чыкты.  Статистикалык маалыматтар боюнча, «Кыргызстан аэропорттору» ААКтын быйылкы 9 айдагы таза кирешеси 4,2 млрд сомду түздү. Аэропорттордун инфраструктурасын өнүктүрүүгө 9,8 млрд сомдон ашык каражат инвестицияланган. Ошондой эле быйыл «Asman Airlines» авиакомпаниясынын авиапаркын кеңейтүүгө 5…

Кененирээк

Нарында ипотекалык батирлер тапшырылды

Садыр Жапаров Нарындагы МИК тарабынан курулган көп кабаттуу үйлөрдүн ачылышына катышты. “Үйгө муктаждарга турак жай куруу саясатын мындан ары дагы улантабыз. Үйгө муктаж болгон ар бир кыргызстандык үйлүү болгонго чейин уланат. Буюрса, жыл соңуна чейин Баткен, Токмок, Кара-Балта, Манас, Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында, ошондой эле Сокулук, Сузак, Кара-Суу жана Өзгөн райондорунда 20 миңден ашык батирдин…

Кененирээк