Садыр Жапаров Нарындагы МИК тарабынан курулган көп кабаттуу үйлөрдүн ачылышына катышты.
“Үйгө муктаждарга турак жай куруу саясатын мындан ары дагы улантабыз. Үйгө муктаж болгон ар бир кыргызстандык үйлүү болгонго чейин уланат. Буюрса, жыл соңуна чейин Баткен, Токмок, Кара-Балта, Манас, Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында, ошондой эле Сокулук, Сузак, Кара-Суу жана Өзгөн райондорунда 20 миңден ашык батирдин курулуштары аяктайт”, — деди өлкө башчы.
Ошондой эле ал жакында Жумгалдын Чаек айылында дагы 8 блоктон турган, 6 кабаттуу, 240 батирлүү турак жай комплексинин курулушу башталарын кабарлады.
Нарын шаарында 216 батирлүү жана Кочкор районунда 217 батирлүү заманбап турак жай комплекси пайдаланууга берилди.










