5-ноябрда Бишкекте өнөр жайды өнүктүрүү боюнча аймактык форум өтөт

Анда Кыргызстан жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн артыкчылыктуу долбоорлору сунушталып, аларга инвестиция тартуу жолдору талкууланат.

Форумду Кыргызстандын Министрлер кабинети жана БУУнун Өнөр жайды өнүктүрүү уюму (ЮНИДО) уюштурат.

Негизги багыттар:

• айыл чарба продукциясын кайра иштетүү;
• кайра жаралуучу энергетика жана «жашыл» өнөр жай;
• санариптик көндүмдөр жана инновациялар;
• ишканалардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу;
• продукциянын тышкы рынокторго чыгышын кеңейтүү.

Ошондой эле Борбор Азия өлкөлөрүнүн өнөр жай кооперациясы, технологияларды өткөрүп берүү жана чек ара аралык өндүрүш байланыштарын өнүктүрүү маселелери каралат.

Форумга мамлекеттик органдардын, эл аралык каржы институттарынын, өнүктүрүү уюмдарынын, бизнестин жана илимий чөйрөнүн өкүлдөрү катышат.

Кыргызстан менен ЮНИДОнун 2025–2029-жылдарга карата өнөктөштүк программасынын алкагында агроөнөр жай, жеңил жана фармацевтика тармактары, санариптик трансформация, инновациялар жана туризм артыкчылыктуу багыттар катары белгиленген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *