КРдагы «Гриппол Плюс» вакцинасы грипптин актуалдуу штаммдарына ылайык жаңыртылды

Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги маалымдады.

Кыргызстан сатып алган «Гриппол Плюс» вакцинасы учурдагы грипп штаммдарына ылайык жаңыртылган. Анын курамына үч компонент кирет: A(H1N1), A(H3N2) жана Victoria линиясына кирген B гриппи. Вакциналардын курамы ДССУнун сунуштарына ылайык жыл сайын жаңыртылып турат.

Мурда B/Yamagata компоненти камтылган төрт валенттүү вакциналар да колдонулчу, бирок бул вирус 2020-жылдын мартынан бери айланууда аныкталган эмес. Кыргызстан 2026-жылы «Гриппол Плюс» вакцинасынын 63–64 миңдей дозасын сатып алган, дагы 100 миңге жакын доза алуу маселеси талкууланууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *