«Кыргызы РУДН» КВНдин Жогорку лигасына жолдомо алды

Бул тууралуу Сочи шаарындагы 37-Эл аралык фестивалдын жыйынтыгы менен расмий каналдан маалымдалды. Жалпысынан 20 команда тандалды. Буга чейин жамаат Москва жана Москва облусунун Борбордук лигасынын чемпиону болуп, «Шаарлар лигасынын» финалына чыккан. Өткөн сезондо команда Жогорку лиганын жарым финалына чейин жеткен. Команданын капитаны — Куштарбек Кыялбек уулу. Ошондой эле кыргызстандык Камилла Нуралиева КВНдеги жеке жетишкендиктери үчүн…

Кененирээк

Кыргызстан менен Казакстан элчиликтери жайгашкан жер тилкелерин бекер пайдаланмай болду

Парламент өкмөттөр аралык макулдашууну ратификациялады. Ага ылайык, Бишкек жана Астанадагы дипөкүлчүлүк жайгашкан имарат жер тилкеси менен, дипломаттар жашаган резиденция да жер тилкеси менен өлкөлөргө акысыз пайдаланууга берилди. Тышкы иштер министринин орун басары чет мамлекеттерде 33 элчилик, 10 башкы консулдук, 2 эл аралык уюмда туруктуу өкүлчүлүк бар экенин билдирди. Алардын ичинен 14 дипөкүлчүлүк менчик имаратта отурат….

Кененирээк

12 жылдык билим берүү системасына өтүү үчүн 1 млрд сомдон ашык каражат бөлүндү

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында каржы министринин орун басары Нурбек Акжолов билдирди. Каражат төмөнкү багыттарга жумшалат: 2026-жылга республикалык бюджетте дагы 1 млрд 66 млн сом каралган. Эскерте кетсек, 2025/26-окуу жылында Кыргызстанда 12 жылдык окуу программасына 1-, 2-, 5- жана 7-класстардын окуучулары өткөн.

Кененирээк

Нарында «Бозо фестивалы» өтөт

Нарын облусунда 13-16-февраль күндөрү кышкы фестивалдар болот. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик маалымдады. Нарын районунун Салкын-Төр эс алуу жайында 13-февралда “Бозо фестивалы” өтөт. Кочкор районунун Чолпон айылында 14-февралда “Ара-Көл” фестивалы болот. Ал эми Ат-Башы районунда 15-февралда “Кел-Суу керемети” фестивалын өткөрүү пландалган. Жергиликтүү бийлик бардык жарандарга эшик ачык экенин кабарлады.

Кененирээк

Беш жылда коррупцияга каршы күрөштөн 352 млрд сом өндүрүлдү

Мындай маалымат Улуттук коопсуздук комитети өткөргөн коллегиялык жыйында айтылды. Жемкорлук менен күрөшүүнүн алкагында мыйзамсыз менчикке өтүп кеткен мүлктөр жана жер тилкелер дагы кайтарылган. Көрсөтүлгөн сумма толугу менен президенттин турукташтыруу фондунун эсебине которулган. Каражаттар мамлекет башчынын буйругу менен социалдык долбоорлорду ишке ашырууга, инфраструктураны өнүктүрүүгө жана элдин жашоосун жакшыртууга жумшалат.

Кененирээк

Бишкек мэриясы жана Дүйнөлүк банк борбордогу абанын сапатын жакшыртуу чараларын талкуулашты

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбор Азиядагы айлана-чөйрө маселелери боюнча практикасынын менеджери Гаяне Минасян менен жолугушту. Тараптар абанын булгануусун азайтуу жана шаардагы экологиялык абалды жакшыртуу боюнча биргелешкен иштерди талкуулашты. Демилгелердин арасында Бишкектин айланасына «Жашыл алкак» концепциясын иштеп чыгуу жана жеке үйлөргө жылуулук насосторун орнотуу боюнча пилоттук долбоор бар. Бул салттуу жылытууга…

Кененирээк

Кыргызстан жана Австрия Ысык-Көл облусунда туризм мектебин түзүшөт

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Австриянын делегациясы менен видеоконференция өткөрдү. Жолугушууда кесиптик-техникалык билим берүүнү өнүктүрүү жана австриялык методология менен туризм мектебин ачуу талкууланды. Негизги долбоор — Ысык-Көл облусунда адистештирилген билим берүү борборун түзүү. Башкы басым кышкы туризм жана кышкы спорт түрлөрү үчүн кадр даярдоого жасалат, имараттарды реконструкциялоо жана жабдуу маселелери каралууда. Мындан тышкары,…

Кененирээк

АКШ Париж климаттык келишиминен расмий түрдө чыкты

АКШ Париж климаттык келишиминен расмий түрдө чыкканын Bloomberg билдирди. Чечим 27-январдан тартып күчүнө кирди — бул АКШ БУУга билдирүү жөнөткөндөн туура 1 жыл өткөндөн кийин ишке ашты. Келишимден чыгуу тууралуу жарлыкты президент Дональд Трамп 2025-жылдын январында инаугурация күнү кол койгон. Париж келишими глобалдык жылуулукту чектөөгө жана климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин азайтууга багытталган. Андан чыгуу менен АКШ:…

Кененирээк

Минкаб: Кийинки жылы ар бир үчүнчү кыргызстандык спорт менен машыгуусу керек

Министрлер кабинети 2030-жылга чейинки дене тарбия жана спортту өнүктүрүү программасын коомдук талкууга чыгарды. Учурда Кыргызстанда калктын болгону 15%ы спорт менен үзгүлтүксүз алектенет. План боюнча бул көрсөткүч 30%га чейин жеткирилет. Негизги багыттар: Ошондой эле спорт улуттук санарип платформасын түзүү пландалууда. Мамлекеттик жана муниципалдык органдар программаны аткаруу боюнча жылына 2 жолу отчет берет. Максат — калктын саламаттыгын…

Кененирээк

Кыргызстанда ымыркайлардын өлүмү азайып, энелердики көбөйдү

Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коллегиясында айтылды. Көрсөткүч 1000 ымыркайга 13,5ти түзүп, мурунку жылга салыштырмалуу 4,2%га төмөндөгөн. Аталган иш-чарада энелер өлүмүнүн өсүшү белгиленди. Былтыр 48 учур катталып, мурдагы жылга салыштырмалуу 35,4 %га жогору болгон. Министрдин айтымында, эне-баланын өлүмү саламаттык сактоо системасынын абалын чагылдырган маанилүү көрсөткүч.

Кененирээк