Бала бакчага кабыл алуу үчүн 15 миң сом талап кылган. Ош шаарында бала бакчага кабыл алуу үчүн 15 миң сом талап кылган адис кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына арыз менен Ош шаарынын тургуну кайрылып, анда ал 2024-жылдын июль айында кызын Ош шаарындагы балдар бакчасына киргизүү үчүн барган учурда балдар бакчанын адиси 15 миң сом акчаны пара катарында сурап жаткандыгын билдирген.
Аталган факт Ош шаардык милицияга каттоого алынып, кылмыш иши козголгон. Ыкчам иш-чаралар уюштурулуп, 1986-жылы туулган А.Т. бала бакчанын адиси 15 миң сомду алып жаткан учурда кармалды. Кылмыш иши боюнча тийиштүү соттук экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *