Бүгүн, 29-августта Ош облусунун Кара-Суу, Кара-Кулжа жана Өзгөн райондорунун милиция кызматкерлерине заманбап планшеттер менен видео көзөмөл камералары тапшырылды. Бул туурасында Ош ОИИБинын басма сөз кызматы билдирди. Тийиштүү техникалар жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн колдоосу менен алынды. Белгилей кетсек, өлкө боюнча 31-август Эгемендүүлүк күнү 15 миң милиция коомдук тартипти карайт. Ал эми Ош облусунун аймагында майрамдык салтанаттарда коомдук коопсуздукту камсыз кылууга миңден ашуун кызматкер тартылат.


