Москвада кар жаап, жарым кылымдык рекорд жаңыланды. Россиянын борборунда бир айлык жаан-чачындын 42 пайызы сутка ичинде түштү.
Бул убакыт аралыгында мегаполиске орточо эсеп менен 23 сантиметр кар жааган. Ошентип, 1976-жылдан бери кармалып турган рекорд жаңырды. Айрым москвалыктар мындай аба ырайында жүрүүнүн өзгөчө ыкмаларын таап, тагыраагы, кээ бирлер ит чегилген чана менен жүрсө, башкалары лыжа менен каттоодо.
Муздак циклон учурда баш калаа Москвадан тарта Россиянын арбын бөлүгүн каптап жатат. Соцтармактар мунун эпкини Кыргызстанга, анын ичинен Бишкекке качан келет деген суроо салышууда.Синоптиктердин маалыматына ылайык, бейшембиден тартып кар жаашы ыктымал.
