Батумиде Борбор Азия менен Грузиянын кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери талкууланат

22–23-октябрда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Грузияга иш сапары менен барат. Ал Батуми шаарында Борбор Азия өлкөлөрү менен Грузиянын тышкы иштер министрлеринин жолугушуусуна катышат. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди. Жолугушууда аймактык жана эл аралык маселелер, саясий жана соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоо мүмкүнчүлүктөрү талкууланат. Ошондой эле өлкөлөр ортосундагы транспорттук жана логистикалык байланыштарды өнүктүрүүгө көңүл…

Кененирээк

Кыргызстанда көмүрдүн баасына үч айлык мамлекеттик жөнгө салуу киргизилет

Мындай чечим калкты отун менен камсыздоо жана алып-сатарлар бааны көтөрүп ийбеши үчүн кабыл алынды. Көмүрдүн максималдуу баасын Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы бекитип берет. Рыноктогу кырдаалга жараша жөнгө салуу мөөнөтү узартылышы мүмкүн.

Кененирээк

Кыргызстан Парижде азык-түлүк көргөзмөсүнө алгачкы жолу катышты

Кыргызстан Париж шаарында 17-21-октябрда болуп өткөн «SIAL Paris 2026» эл аралык азык-түлүк көргөзмөсүнө алгачкы жолу катышты. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигине караштуу «Кыргыз экспорт» мамлекеттик мекемеси билдирди. Ата мекендик компаниялар көргөзмөдө жаңгак, кургатылган жемиштер, бал, төө буурчак жана башка продукцияларын сунуштады. «Көргөзмөгө катышуунун негизги максаты — «Made in Kyrgyzstan» брендин жайылтуу, чет өлкөлүк өнөктөштөр…

Кененирээк

Президент Садыр Жапаров Манас шаарынын жана Сузак районунун эли менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-октябрда, Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Манас шаарынын жана Сузак районунун активи менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуу учурунда тургундар актуалдуу социалдык-экономикалык жана жеке маселелер боюнча Мамлекет башчысына түз кайрылышты. Жолугушуунун катышуучулары турак жай менен камсыз кылуу, жер жана мүлккө байланыштуу талаш-тартыштарды чечүү, инфраструктураны өнүктүрүү, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу, пенсионерлерди жана калктын социалдык…

Кененирээк