Айыл чарба министрлигине караштуу «Кыргыз Агрохолдинг» ААКсы эт азыктарын сатуу боюнча көчмө түйүндөрдүн пилоттук долбоорун тааныштырды.
Максат — ата мекендик өндүрүүчүлөрдөн керектөөчүлөргө түз жеткирүү каналын түзүп, ортомчуларды азайтуу.
Долбоор соода жана муздаткыч жабдуулары бар атайын фудтрактарды ишке киргизүүнү карайт. Көчмө түйүндөрдө сапаттуу эт бекитилген социалдык баада сатылып, логистикалык чыгымдар азайып, ортомчулардын үстөгү жоюлары айтылды.
Долбоордун максаттары:
-социалдык маанидеги азык-түлүктүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу;
-шаарларды жана алыскы аймактарды жаңы эт менен камсыздоо;
-ички азык-түлүк рыногунун туруктуулугун колдоо.
Бишкектеги пилоттук этаптан кийин долбоорду аймактарга кеңейтүү пландалууда.
