Жогорку Кеңеш «Жаңылануучу энергия булактары жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоорун биринчи окууда карады.
Эксперт Кундуз Карбышеванын айтымында, бул сунуштар «жашыл» энергетиканы атаандаштык негизде жана системалуу өнүктүрүүгө багытталган.
Негизги жаңылык — аукциондук системага өтүү: алдын ала тариф коюунун ордуна ЖЭБ долбоорлорун ишке ашыруу укугун электр энергиясына эң төмөн бааны сунуштаган инвесторлор алышат. Ошондой эле мыйзамдан 1,3 жогорулатуучу коэффициентти алып салуу пландалууда — тарифтер аукциондун жыйынтыгына жараша же мурунку жылдын орточо салмактанып алынган тарифине байланып аныкталат.
Талкууда эски эрежелер менен PPA келишим түзгөн компанияларды коргоо маселеси да көтөрүлдү. Эксперт мурда түзүлгөн келишимдер сакталбаса, «оюн эрежелери» өзгөрүп, инвесторлордун ишенимине доо кетиши мүмкүн экенин белгиледи.
