Төө-Ашуу аркылуу кичи автобустардын эл ташыганына тыюу салынды

Убактылуу чектөө 15-октябрдан 2027-жылдын 15-майына чейин күчүндө болот. Бул чара кыш мезгилинде жол коопсуздугун камсыздоо жана кырсыктарды алдын алуу үчүн киргизилди.

Кененирээк

Акыйкатчы институту 2027-жылды майыптыгы бар адамдардын укуктарын коргоо жылы деп жарыялоону пландап жатат

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев майыптыгы бар адамдардын укуктарын коргоо маселесин көтөрдү. Ал бул көйгөйдү Курулуш министрлигине, Саламаттык сактоо министрлигине, Агартуу министрлигине жана Бишкек мэриясына бир нече жолу билдиргенин айтты. Депутаттын белгилешинче, шаардык инфраструктура талапка жооп бербегендиктен, майыптыгы бар адамдардын жүрүп-турушу кыйын. Бул көйгөй улгайган адамдарга жана кичинекей балдары бар энелерге да тиешелүү. Акыйкатчы…

Кененирээк

КМШ өлкөлөрүнүн коргоо министрлеринин жыйынында Кыргызстан менен Орусия 2027-жылга план бекитти

15-октябрда Чолпон-Атада КМШ өлкөлөрүнүн коргоо министрлер кеңешинин жыйыны өттү. Анын алкагында Кыргызстандын коргоо министри Руслан Мукамбетов менен Орусиянын коргоо министри Андрей Белоусов 2027-жылга карата аскердик кызматташтык планын бекитишти. Тараптар аскерлердин күжүрмөн даярдыгын, аскердик билим берүүнү, тажрыйба алмашууну жана аскердик-техникалык кызматташтыкты талкуулашты. Жыйынга Азербайжан, Беларусь, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандын өкүлдөрү да катышты. Анда учкучсуз аппараттарды жана…

Кененирээк

Кыргызстанда орточо айлык 55 миң сомду түздү

Бул тууралуу маалымат жыйында Мамлекеттик статистика комитетинин төрагасынын орун басары Назира Керималиева билдирди. Ал өлкөдө январь-август айларынын жыйынтыгы боюнча орточо айлык акы 55 миң 79 сомду түзгөнүн белгиледи. Анын айтымында, бул өткөн жылдын август айына караганда 28,7% көп.

Кененирээк

Садыр Жапаров Азиядагы Өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге катышып жатат

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-октябрда, Азиядагы Өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин жетинчи саммитине катышуу үчүн Баку конгресс-борборуна келди. Мамлекет башчысын Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев тосуп алды. Саламдашуу жана биргелешип сүрөткө түшүү аземи аяктагандан кийин делегациялардын башчылары форумга катышуу үчүн залга өтүштү.

Кененирээк