15-октябрда Чолпон-Атада КМШ өлкөлөрүнүн коргоо министрлер кеңешинин жыйыны өттү. Анын алкагында Кыргызстандын коргоо министри Руслан Мукамбетов менен Орусиянын коргоо министри Андрей Белоусов 2027-жылга карата аскердик кызматташтык планын бекитишти.
Тараптар аскерлердин күжүрмөн даярдыгын, аскердик билим берүүнү, тажрыйба алмашууну жана аскердик-техникалык кызматташтыкты талкуулашты.
Жыйынга Азербайжан, Беларусь, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандын өкүлдөрү да катышты. Анда учкучсуз аппараттарды жана робототехниканы колдонуу, аскер кызматкерлерин даярдоо жана армиялык спортту өнүктүрүү маселелери каралды. Жыйынтыгында КМШнын коргоо министрлер кеңешинин 2027-жылга иш планы бекитилди.


