Бишкек шаарында жеке турак жайлардын аймагында унаа токтотуучу жайларды уюштурууга багытталган пилоттук долбоорду ишке киргизүү сунушталууда. Тиешелүү Президенттин жарлыгынын долбоору коомдук талкууга чыгарылып, коомталкуу порталына жарыяланды.
Пилоттук режимдин мөөнөтү 2026-жылдын 1-мартынан 2027-жылдын 1-февралына чейин белгиленди.
Шаардагы жеке үйлөрдүн ээлерине жеке турак жай курулушу үчүн бөлүнгөн жер тилкелеринде
унаа токтотуучу жайларды уюштурууга укук берүү сунушталууда.
Түшүндүрмө катта белгиленгендей, Бишкек унаа токтотуучу жайлардын олуттуу тартыштыгына туш болуп келет. Шаарда 468 миң автоунаа катталган.
Күн сайын кирип-чыгып турган унааларды кошкондо, жүктөм 700 миңге жетет.Натыйжада жол боюнда жана газондордо тартипсиз токтотуулар көбөйүп, тыгындарга жана жол коопсуздугуна коркунуч жаратат.

