Кыргыз-тажик чек арасына зым тартуу иштери жанданды

Быйыл кыргыз-тажик чек арасынын 200 чакырым аралыгын тосуу пландалууда. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен Баткен району боюнча 65 чакырым, Лейлек району боюнча 135 чакырымды түзөт.
Белгилей кетсек, 2025-жылы чек араны инженердик тосуу иштери дээрлик 150 чакырым аралыкта аткарылган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *