Кышта электр энергиясына чектөөлөр болбойбу? Министр жооп берди

Алтынбек Рысбековдун айтымында, кышка даярдык боюнча пландалган иштер толугу менен аткарылууда. Учурда электр энергиясын пландуу өчүрүү же керектөөгө чектөө киргизүү каралган жок. Бирок министр өлкөдө электр энергиясынын тартыштыгы бар экенин белгиледи. Аны жабуу үчүн быйыл 4 миллиард киловатт-сааттан ашык электр энергиясын импорттоо пландалган. «Абал таңкы жана кечки эң жогорку керектөө маалында татаалдашы мүмкүн. Бул учурда…

Кененирээк

АКШ Россиядан дизель майын сатып алууга каршы мыйзам долбоорун сунуштады

АКШ Конгрессине президент Дональд Трамптын Россиядан дизель майын сатып алуу боюнча келишимине бөгөт коюуну көздөгөн мыйзам долбоору киргизилди. Демилгенин максаты — Россиянын дизель майын сатып алууга жана импорттоого уруксат берген келишимди токтотуу. Конгрессмен Грегори Микстин айтымында, бул келишим Ирандагы согуштан улам америкалыктар тарткан чыгымдарды азайтпайт. Мыйзам долбоорунда АКШнын Каржы министрлиги 9-октябрда чыгарган лицензияны жокко чыгаруу…

Кененирээк

Президент жаңы авиакомпанияларды каттоого киргизилген мораторийди алды

Мораторий 2024-жылдын ноябрь айынан бери күчүндө болчу. Ал коопсуздукту көзөмөлдөөнү жакшыртуу боюнча иш-чаралар аяктагандан кийин алынды. Жарандык авиация агенттигинин маалыматы боюнча, учурда Кыргызстанда 6 авиакомпания иштеп жатат. Ал эми дагы 15 авиакомпаниянын сертификаттары жокко чыгарылган. Жарлык расмий жарыялангандан 10 күндөн кийин күчүнө кирет.

Кененирээк

БШК үгүт жүргүзүү тартибин бузган бир катар жарандарга эскертүү берди

19-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясында түзүлгөн жумушчу топтун жыйыны өттү. Анда социалдык тармактар аркылуу белгилүү бир талапкерге добуш берүүгө же бербөөгө чакыруу, талапкерлерди шайлоого же шайлабоого багытталган материалдарды таратуу, ошондой эле шайлоочулардын тандоосуна таасир этүү максатында сурамжылоолорду уюштуруу жана алардын жыйынтыктарын пайдалануу фактылары каралды. Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча социалдык тармактардын активдүү колдонуучулары Залкарбек Кудайбердиев, Бахтияр Кыдыралиев,…

Кененирээк