Борбордук стадиондогу отургучтардын үстү жабылып, кире беришинде мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн атайын пандус ошондой эле имаратка желдетүү системасы орнотулат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан маалымдашты.Ага ылайык Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Ахматбек Сүйүнбаев атындагы борбордук стадиондогу куруу долбоору менен таанышып, жумуштун башталуусуна старт берди.

Калаа башчысы шаар тургундары жана спорт сүйүүчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, отургучтардын жаандан жана күн нурунан күйүп, сынып, талкалануусунун алдын алуу максатында жасалып жаткан бул долбоор сапаттуу болушу керектигин билдирди.

Курулуш жумуштарын кийинки жылга бүткөрүү каралууда.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *