День: 01.09.2026
Иран ШКУ банкын түзүүнү сунуштады
Ирандын президенти Масуд Пезешкиан Бишкекте өткөн ШКУ саммитинде уюмга мүчө өлкөлөрдүн экономикалык кызматташтыгын кеңейтүүгө багытталган үч демилгени көтөрдү. Бул тууралуу Tasnim агенттиги жазды. Ал ШКУ банкын, экспортту камсыздандыруу жана инвестициялык биримдигин, ошондой эле энергетикалык консорциум түзүүнү сунуштады. Мындан тышкары, Пезешкиан жаңы коркунучтарды аныктап, аймактагы туруктуулукту чыңдоочу стратегиялык коопсуздук изилдөөлөр борборун ачууну демилгеледи.
Садыр Жапаров: Кыргызстан адилеттүү көп уюлдуу дүйнөнү курууга даяр
Президент Бишкектеги ШКУ+ жыйынында дүйнөдө өлкөлөр ортосунда айырмачылыктар ар дайым болорун, бирок адилеттүү дүйнөлүк тартип бардык мамлекеттердин бирдей ой жүгүртүүсүн талап кылбай турганын айтты. «Ал башка нерсени, бири-бирибиздин тандообузду сыйлоону, алган милдеттенмелерди аткарууну жана эң оор мезгилде да диалогду токтотпоону талап кылат. Бишкектеги жолугушуубуз ири мамлекеттер өз мүмкүнчүлүктөрүн жоопкерчилик менен пайдаланган, ал эми чакан өлкөлөр…
Бишкектеги ШКУ саммитинде 28 документке кол коюлду
Бүгүн, 1-сентябрда, Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында өткөн ШКУ саммитинин жыйынтыгында 28 документ кабыл алынды. Алардын негизгилери: ▪️ШКУнун 25 жылдыгына арналган Бишкек декларациясы ▪️ШКУнун Хартиясына өзгөртүү киргизүү жөнүндө протокол ▪️Коопсуздук коркунучтарына каршы аракеттенүү боюнча универсалдык борбор жөнүндө жобо ▪️ШКУнун Баңгизатка каршы борборунун аткаруу комитети жөнүндө жобо ▪️Баңгизат көз карандылыгына жана синтетикалык баңгизаттардын жайылышына каршы 2030-жылга чейинки…


