Президент Бишкектеги ШКУ+ жыйынында дүйнөдө өлкөлөр ортосунда айырмачылыктар ар дайым болорун, бирок адилеттүү дүйнөлүк тартип бардык мамлекеттердин бирдей ой жүгүртүүсүн талап кылбай турганын айтты.
«Ал башка нерсени, бири-бирибиздин тандообузду сыйлоону, алган милдеттенмелерди аткарууну жана эң оор мезгилде да диалогду токтотпоону талап кылат. Бишкектеги жолугушуубуз ири мамлекеттер өз мүмкүнчүлүктөрүн жоопкерчилик менен пайдаланган, ал эми чакан өлкөлөр өз үнү угуларына ишенген дүйнөгө карай дагы бир кадам болсун», — деди Жапаров.
Ошондой эле ал Кыргызстан кимдир бирөөгө каршы эмес, баарынын жыргалчылыгы үчүн багытталган адилеттүү көп уюлдуу дүйнөнү бирге курууга даяр экенин баса белгиледи


