Бишкектеги ШКУ саммитинде 28 документке кол коюлду

Бүгүн, 1-сентябрда, Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында өткөн ШКУ саммитинин жыйынтыгында 28 документ кабыл алынды.

Алардын негизгилери:

▪️ШКУнун 25 жылдыгына арналган Бишкек декларациясы

▪️ШКУнун Хартиясына өзгөртүү киргизүү жөнүндө протокол

▪️Коопсуздук коркунучтарына каршы аракеттенүү боюнча универсалдык борбор жөнүндө жобо

▪️ШКУнун Баңгизатка каршы борборунун аткаруу комитети жөнүндө жобо

▪️Баңгизат көз карандылыгына жана синтетикалык баңгизаттардын жайылышына каршы 2030-жылга чейинки программалар

▪️2026–2028-жылдарга эл аралык маалыматтык коопсуздук боюнча аракеттенүү планы

▪️Портторду жана логистикалык борборлорду өнүктүрүү боюнча 2026–2030-жылдарга жол картасы

▪️Маалыматтарды иштеп чыгуу борборлорун түзүү жана жасалма интеллект индустриясын өнүктүрүү концепциясы
▪️Ядролук коопсуздук боюнча көп тараптуу өнөктөштүктү бекемдөө декларациясы

▪️Климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү жана жасалма интеллект жаатындагы кызматташтык жөнүндө меморандумдар

▪️Лахор шаарын 2026–2027-жылдарга ШКУнун туристтик жана маданий борбору деп жарыялоо жөнүндө чечим ж.б.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *