Сеул соту мурдагы президент Юн Сок Ёлду 2024-жылдын декабрында аскердик абал киргизип, “козголоң уюштурган жана конституциялык түзүлүштү бузган” деп таап, өмүр бою эркинен ажыратты.
Айыптоо тарабы ага өлүм жазасын талап кылган. Өкүм боюнча апелляция берүүгө мүмкүнчүлүк бар.
Буга чейин Юн башка иш боюнча 5 жылга кесилген. Ошондой эле мурдагы премьер-министр Хан Док Су 23 жылга соттолгон. Сот аны экс-президенттин аракеттерине “негизги роль ойноп, легитимдүүлүк берүүгө аракет кылган” деп баалаган.
2024-жылдын декабрында бюджет боюнча талаш-тартыштар маалында Юн Сок Ёл оппозицияны “анти-мамлекеттик ишмердүүлүк” деп айыптап, күтүүсүздөн аскердик абал жарыялаган. Эртең менен эле аны жокко чыгарып, кийин парламент импичмент жарыялаган.

