14-январдан тартып Ош шаарындагы бардык мектептер салттуу түрдө окууга өтүшөт.Мындай чечим Жарандык коргонуу штабынын жыйынында кабыл алынды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Шаардын вице-мэри Жылдызбек Турганбаев мектептерде санитардык нормаларды сактоо боюнча жетекчилерге тапшырмаларды берди.
Бул менен бирге Оштогу мамлекеттик бала бакчаларда мектепке даярдоочу жана чоң группадагы балдарды кабыл алууга уруксат берилди.