Ош шаарында Жолон Мамытов атындагы жаңы парк ачылды

Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районунда Жолон Мамытов атындагы жаңы парк пайдаланууга берилди.

Мэриянын маалыматына караганда, анда отургучтар, жарыктандыруу системасы, балдар аянтчасы, воркаут-зона жана акындын ыр саптары жазылган инсталляция орнотулган.

Ачылыш аземинде эстелик такта орнотулуп, парктын жарыктандыруу системасы ишке киргизилди. Мэрия бул Ошто акыркы алты айда ачылган 30-парк экенин билдирди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *