Мамлекеттик мекемелердеги айрым кызматкерлердин айлыгы башкача эсептелет

Министрлер кабинети мамлекеттик кызматчы болуп эсептелбеген бюджеттик мекеме кызматкерлеринин эмгек акысын төлөөнүн жаңы тартибин бекитти.

Айлыкты эсептөө үчүн базалык ставка 7 040 сом бойдон калды. Акыркы эмгек акы кызмат ордуна жараша белгиленген коэффициенттер менен эсептелет.

Кызматкерлер үчүн төмөнкү төлөмдөр сакталат:

• Бийик тоолуу жана алыскы аймактарда иштегендерге кошумча төлөм;
• Жашыруун маалыматтар менен иштегендерге үстөк;
• Илимий даража үчүн үстөк;
• Эмгек өргүүсүнө чыкканда эки айлык эмгек акы фондунун өлчөмүндө ден соолукту чыңдоо жөлөкпулу;
• Жыл жыйынтыгы боюнча 13-айлык — орточо бир айлык эмгек акы өлчөмүндө.

Мындан тышкары, айрым мамлекеттик органдардын аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине 15 миң сом компенсациялык төлөм каралган. Ал эми иштин татаалдыгы, сапаты, натыйжалуулугу жана демилгеси үчүн кошумча акы айлык маянанын 50%ына чейин жетиши мүмкүн.

Жаңы тартип 2026-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *