Казакстан Кыргызстан менен чек ара аралык QR-төлөмдөрдү ишке киргизүүнү пландап жатат

Бул тууралуу Казакстандын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары Бинур Жаленов билдирди.

Жаңы система аркылуу жарандар чет өлкөдө өз банкынын кадимки тиркемеси жана QR-код менен товарлар жана кызматтар үчүн төлөй алышат.

Система 11 өлкөдө этап-этабы менен ишке киргизилип, аны 2027-жылдын жай айына чейин толук туташтыруу пландалууда.

Мисалы, кыргызстандык жаран Казакстанда QR-кодду өзүнүн банктык тиркемеси аркылуу сканерлеп төлөй алат. Казакстандыктар Кыргызстанга келгенде да ушул эле мүмкүнчүлүккө ээ болот.

Мындай операциялар үчүн комиссиянын өлчөмүн банктардын өздөрү аныктайт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *