Бүгүн бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү аяктайт

Бүгүн, 1-майда, жеке жактар жана жеке ишкерлер үчүн бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү аяктайт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы эскертти. Кирешеси тууралуу декларацияны бардык жеке ишкерлер тапшырышы керек. Бирок патент менен иштегендер бул талаптан бошотулат. Ошондой эле эл аралык уюмдардын кызматкерлери жана киреше салыгы иш берүүчү тарабынан кармалбаган жарандар да декларация берүүгө милдеттүү. Декларация cabinet.salyk.kg…

Кененирээк

Салык кызматы оңдоочу электрондук эсеп-фактураны жол-жоболоштуруу тартибин өзгөрттү

Мамлекеттик салык кызматы эсеп-фактураларды жол-жоболоштуруу жана колдонуу тартибине өзгөртүүлөрдү киргизди. Эми оңдоочу электрондук эсеп-фактурада мурдагыдай баштапкы жеткирүү датасы эмес, оңдоого негиз болгон жагдайлардын келип чыккан датасы көрсөтүлүшү керек. Оңдоочу ЭЭФ товарды толук же жарым-жартылай кайтарууда, бааны өзгөртүүдө, аткарылган иштерден же кызматтардан баш тартууда, ошондой эле төлөмдү кайтарууда жол-жоболоштурулат. Жол-жоболоштуруу мөөнөттөрү мурункудай эле калат. Өзгөртүүлөр МСКнын…

Кененирээк

1-Май — Эмгек майрамыңыздар менен куттуктайбыз!

Ар бир эмгек адамга бакубат жашоо, ийгилик жана өнүгүү алып келсин. Мээнетиңиздер ар дайым бааланып, ишиңиздерге береке, үй-бүлөңүздөргө бакыт каалайбыз. Ден соолук, тынчтык жана жаңы жетишкендиктер арбын болсун! Аталган майрам азыр дүйнөнүн ондогон мамлекетинде белгиленип келет. Россияда жаз жана эмгек, Казакстанда эл биримдигинин күнү катары белгиленет. Ал эми Беларусь, Кытай, Пакистан жана Шри-Ланкада эмгек күнү…

Кененирээк

Бишкектен Нарынга учак билеттери алдыдагы үч ай бою болгону миң сомдон сатылат

«Асман Эйрлайнс» авиакомпаниясы Бишкек менен Нарындын ортосундагы каттамдардын баасын 1000 сомго чейин арзандатканын жарыялады. Акциялык тариф 2026-жылдын май, июнь жана июль айларында бардык туруктуу каттамдар үчүн жарактуу болот. Бул чечим облус тургундарынын каттамын жеңилдетүүгө жана бийик тоолуу аймакты борбор калаалык туристтер үчүн жагымдуу кылууга багытталган. Билеттерди ортомчулардын комиссиясы жок сатып алуу үчүн жүргүнчүлөр компаниянын санариптик…

Кененирээк

Москвада каза болгон үч кыргызстандыктын сөөгү мекенине жөнөтүлдү

Алдын ала маалыматтарга караганда, үч жаран Подмосковьеде уулуу газга ууланып каза болушкан. Буга чейин орус ЖМКлары трагедия Москва облусунун Дмитров районундагы курулуш объектилеринин биринде болгонун жазышкан. Ал жерде чет элдик курулушчулар иштеп жаткан. Болжолдуу версиялардын бири боюнча, өлүмгө имарат ичинде уулуу газдын топтолушу себеп болгон. Маалымат булактарынын билдиришинче, каза болгондор Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун тургундары…

Кененирээк

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында катышуучулар 43 этноспорттон күч сынашат

Минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыктын жүрүшү боюнча кеңешме өткөрдү. Анда Маданият министри Мирбек Мамбеталиев, көчмөндөр оюндарынын катчылыгынын жетекчиси Нурсултан Аденов жана режиссердук топтун жетекчиси Алтынбек Максутов баяндама жасады. Жыйындын жүрүшүндө минкаб төрагасы иш-чараны жогорку деңгээлде уюштуруу зарылдыгын белгиледи.

Кененирээк