Бишкекте VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына канча күн калганын эсептеген такта ачылды

Бишкектеги Ала-Тоо аянтында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын башталышына 100 күн калганын көрсөткөн электрондук такта иштей баштады.

Аны ишке киргизүү аземине минкаб төрагасынын орун басары Улан Маматканов, маданият министри Мирбек Мамбеталиев жана Бишкек мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев катышты.

Улан Маматканов Көчмөндөр оюндары кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытууда маанилүү экенин белгиледи. Оюндардын салтанаттуу ачылышы Борбор Азиядагы эң ири жаңы стадиондо өтүп, негизги таймаштар Ысык-Көлдө уланат. Оюндар 31-августтан 6-сентябрга чейин өткөрүлөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *