5-ноябрда Бишкекте өнөр жайды өнүктүрүү боюнча аймактык форум өтөт
Анда Кыргызстан жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн артыкчылыктуу долбоорлору сунушталып, аларга инвестиция тартуу жолдору талкууланат. Форумду Кыргызстандын Министрлер кабинети жана БУУнун Өнөр жайды өнүктүрүү уюму (ЮНИДО) уюштурат. Негизги багыттар: • айыл чарба продукциясын кайра иштетүү;• кайра жаралуучу энергетика жана «жашыл» өнөр жай;• санариптик көндүмдөр жана инновациялар;• ишканалардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу;• продукциянын тышкы рынокторго чыгышын кеңейтүү. Ошондой…


