47 жаштагы Ы.М. аттуу киши мунайзат саткан уюмдун жетекчилерининин бири менен сүйлөшүп алып, 1,5 миң тоннадан ашуун күйүүчү май уурдап, мамлекетке 51,7 млн сомдук зыян келтирген деп шектелип жаткан.
2023-жылы Кыргызстан ИИМи аны Интерпол аркылуу издөөгө алган.
АКШнын укук коргоо органдары шектүүнү кармап, азыр экстрадициялоо маселеси каралууда.

