Иш-чара Сталинград салгылашуусунун 83 жылдыгына карата уюштурулду. Ачылыш аземинде РФнын КРдагы элчилигинин кеңешчиси Сергей Храмов сөз сүйлөдү.
«Сталинград салгылашуусу согуштун бурулуш учурларынын бири болду. Ага чейин жеңишке жетүү мүмкүн эместей сезилген. Бирок бардык Советтик Союздун элдери ийин тирешип, душманга каршы туруп, жалпы мекенди, балдарынын келечегин коргоп, жеңишке жетишти», — деди ал.
Храмов Россия, Кыргызстан элинин салымын унутпай турганын баса белгиледи. Ал жеңишке фронттогу жоокерлер эле эмес, тылда эмгектенгендер, дарыгерлер да чоң салым кошконун айтты.
Иш-чарада «Улуу Ата Мекендик согуш тууралуу тарыхый эс тутум» аттуу фотовыставка да ачылды.
КУУ иш-чараны «Я помню» жана «Монументы Победы» аттуу россиялык долбоорлордун колдоосу менен уюштурган.

