Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов демилгелеген мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.
Ага ылайык, эгер үй-бүлөнүн мүлкү киреше алып келбесе жана анын болушу үй-бүлөнүн материалдык жактан жетиштүү камсыз болгонун көрсөтпөсө, мүлктүн бар экендиги жөлөк пул берүүдөн баш тартууга жалгыз себеп катары колдонулбайт. Мында үй-бүлөнүн муктаждыгы анын ар бир мүчөсүнө (киши башына) туура келген жалпы кирешеси жана материалдык абалын объективдүү мүнөздөгөн башка жагдайлар эске алынуу менен аныкталат.
Ошондой эле мал-жандыкты эсептөө тартибин өзгөртүү сунушталууда. Малдын саны өзүнчө гана критерий болбостон, үй-бүлөнүн айыл чарбасынан тапкан реалдуу кирешеси менен бирге каралат. Ал эми мал-жандыктарды эсепке алуунун так критерийлерин жана тартибин министрлер кабинети аныктайт.
Үйү, унаасы бар деп эле жөлөк пулдан ажыратпоо сунушталды


